Обложка трека Кеттиң
Открыть обложку
Обложка Бегиш & Kaibar & FREEMAN 996 — Кеттиң
Бегиш & Kaibar & FREEMAN 996 — Кеттиң Бегиш & Kaibar & FREEMAN 996
О песне

«Кеттиң» — сингл исполнителя Бегиш & Kaibar & FREEMAN 996 (2026). Читайте проверенный текст песни и информацию о релизе на MogText.

Текст и перевод песни Бегиш & Kaibar & FREEMAN 996 — Кеттиң

🌐 Оригинал Текст
Кеттиң кайра күгүм менен сен алмашып
Кечир мени, бүгүн эми агат жашың
Жүрчү элек бир убакта кол кармашып
Азыр калдык эки жолдо биз адашып

Биз отурган орундар бош азыр ресторанда
Жаздыгыңды кучактап, сен жоксуң инстаграмда
Тосчу элек кучакташып биз таңдарды
Ал учурлар сүрөт болуп чаңдады
Сага, айтып берейин себебин, көңүл бурчу кана?
Алчы телефонуң, же кайрадан чалчы мага
Урушабыз, көздөрүңдөн дайра тамчы тамат
Эртеси эки үйдө бирибизди самап
Сүрөттөрдү карап, билем кайсы жолдор түз сенин үйүңө барат
Бир аздан соң таарынычтар тарап
Сен тарапка – салам
Эрежени бузам
Жол чырагым кызыл жанат

Кеттиң кайра күгүм менен сен алмашып
Кечир мени, бүгүн эми агат жашың
Жүрчү элек бир убакта кол кармашып
Азыр калдык эки жолдо биз адашып

Кайрылып келчи сен, эзбей жүрөктү
Кайгыны жеңели биз, үзбөй үмүттү
Кайсы жерде болсоң, дарегиңди жөнөтчү
Жетейин мен өзүңө, өтпөй мүнөттөр

Сөздөрүң таттуу эле ширелүү алмуруттан
Сага сезимим терең дегениңди кантип унутам?
Жүрөгүмдү кайрып бер
Аны алдап куурутпа
Ансыз да жан сыздайт, бир мүнөт өтөт сансыздай
Сен уктап жатасың, бирок бул узун түндө мен ойгомун да
Чөгүп барам кемедей, көлдөй терең ойлорумда
Суроо-жооп кылып, алгач сырдашып турганда
Сүйүнгөмүн “жүрөгүм бош” деп кайтарган жообуңа

Кымындай чындык болсо сөздөрдө, чыккан оозуңдан
Байлыкты сен не тандадың, көнүп баары жогуна?
Миң каалаган кезде деле бекем кыскан бооруна
Эмнегедир мен эмесмин ал адамдын ордунда

Жек көрүүгө айланууда
Сага болгон ак сүйүү
Табылабы айла буга
Азаптар түгөнөбү?

Кеттиң кайра күгүм менен сен алмашып
Кечир мени, бүгүн эми агат жашың
Жүрчү элек бир убакта кол кармашып
Азыр калдык эки жолдо биз адашып

Кайрылып келчи сен, эзбей жүрөктү
Кайгыны жеңели биз, үзбөй үмүттү
Кайсы жерде болсоң, дарегиңди жөнөтчү
Жетейин мен өзүңө, өтпөй мүнөттөр

Кетсең кет, билем, толук жетет кудуретиң
Сезилет муздаганы жылуу мамилеңдин
Сүйүмдү сезбей, неге таптап тебеледиң?
Жаштарың жамгыр сымал себеледи

Алыстасаң деле мейли
Сагынганда бирге түшкөн сүрөттөрдү карап коём
Бир болууга себеп издебейли
Өттү-кетти баары, бирок сезимдерим ошол бойдон

Кеттиң кайра күгүм менен сен алмашып
Кечир мени, бүгүн эми агат жашың
Жүрчү элек бир убакта кол кармашып
Азыр калдык эки жолдо биз адашып

Кайрылып келчи сен, эзбей жүрөктү
Кайгыны жеңели биз, үзбөй үмүттү
Кайсы жерде болсоң, дарегиңди жөнөтчү
Жетейин мен өзүңө, өтпөй мүнөттөр

Про "Кеттиң"

Кто написал песню "Кеттиң"?
Авторами слов и музыки композиции «Кеттиң» являются FREEMAN 996, Бегиш, Kaibar.
Когда Бегиш & Kaibar & FREEMAN 996 выпустили трек "Кеттиң"?
Релиз песни «Кеттиң» состоялся 9 октября 2026.
Является ли песня "Кеттиң" синглом?
Да, «Кеттиң» выпущена как отдельный сингл Бегиш & Kaibar & FREEMAN 996 в 2026 году.
Как переводится название трека "Кеттиң" на английский язык?
Название трека «Кеттиң» на английском языке транслитерируется как «Kettiң».
Есть ли перевод песни "Кеттиң" на русский язык?
Да, на MogText доступен полный текст песни «Кеттиң» с параллельным построчным переводом на русский язык. Начало перевода: «Ты снова ушла, ты превратилась из меня в сумерки Прости, ты сегодня молода Раньше мы шли, держась за руки Теперь мы заблудились на двух доро...».
Где читать текст песни "Кеттиң"?
Полный и проверенный текст песни «Кеттиң» исполнителя Бегиш & Kaibar & FREEMAN 996 с аккордами и разметкой по куплетам опубликован на MogText.
Где слушать трек "Кеттиң" онлайн?
Слушать трек «Кеттиң» исполнителя Бегиш & Kaibar & FREEMAN 996 можно в плеере Яндекс Музыки вверху этой страницы MogText, а также на платформах VK Музыка, Звук и других цифровых сервисах.
Проверенный текст

Текст песни Бегиш & Kaibar & FREEMAN 996 — «Кеттиң» сверен с оригинальным релизом.

Добавлено пользователем
P
pmaus